www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2013-жылдын ноябрь айында ал кездеги баш прокурор Аида Салянова Ахматбек Келдибековго кылмыш ишин козгогон. Ноябрь айынын аягында  Ош шаарындагы 50 миң киши катышкан митингде Мелис Мырзакматов көп сандаган элдин алдында колдоп чыккан. Эмне үчүн  Ахматбек Келдибековго  кылмыш иши козголгон? 2010-жылдын октябрында параламенттик шайлоо болуп күтүлбөгөн жерден бийликтин партиялары СДПК, «Ата-Мекен», «Республика», «Ак Шумкар» эмес, биринчи орунга «Ата-Журт» партиясы кадам койот. СДПК, «Республика» жышылып атып өтүп, «Ата-Мекен» партиясы добуш жетпей зордук-зомбулук менен бийлигине таянып «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан аз добуш алса да парламентке өтөт. СДПК, «Ата-Мекен», «Республика» коалиция түзүшүп өлкөнү мерттинтсе да, эл өзөрсө да өздөрү бийликти мыкчып турууну көздөшөт. СДПК лидери Атамбаев өкмөт башчысы, «Ата-Мекен» лидери Текебаев спикер, «Республика» лидери Бабанов өкмөт башчысынын биринчи орун басары катары парламенттен өтүүгө даярданышат. Бул коалиция кадам шилтей элек жатып касапка калып, парламенттен жыдыйт. Канчалык ыйынышкан менен майнап чыкпасын сезген соң Атамбаев «Ата-Журт» партиясына чөгөлөп келип  СДПК, «Ата-Журт», «Республика» биригип коалиция түзүшүп парламентти сактап калышат. Кокустан кайрадан шайлоо өтсө бийлик партиялары «Ак Шумкар» сыяктуу таптакыр куурап калышмак. СДПК лидери Атамбаев өкмөт башчысы, «Республика» лидери Бабанов өкмөт башчысынын биринчи орун басары, ал эми спикер болууну көздөгөн «Ата-Мекен» лидери Текебаевдин ордуна «Ата-Журт» партиясы  спикерликке Ахматбек Келдибековду көрсөтөт.

Атамбаев сүйүнгөнүнөн ичинен «шолоктоп ыйлап», сыртынан да сүйүнгөнүн жашыра албай  Ахматбек Келдибековду кайра-кайра кучактап: «Биз кыргыз эли бириктик, ичкиликтен мен өкмөт башчы, оң канаттан  Ахмат спикер, сол канаттан Бабанчик менин биринчи орунбасарым болду» -деп жашып жиберген. «Котур ташын койнуна катып жүргөн» Атамбаев ичинде Ахматбек Келдибековго: «Сениби шашпа» деп кекенип турганын 2011-жылы президент болор менен көрсөтө баштады. Президент болор менен кыжынып атып Ахматбек Келдибековду спикерликтен кетирип, ордуна кандосу Сооронбай Жээнбековдун үкасы Асылбек Жээнбековду спикерликке койот. Спикерликтен түшсө да муюбаган Ахматбек Келдибеков депутат катары «Кыргызгаздын» 1 долларга сатылып жатканына экономикалык баа берет. Бул 2013-жылы президент болуп турган Атамбаевге жакпай, Ахматбек Келдибековдун үстүнөн 2013-жылдын ноябрь айында жалган  кылмыш иши козголуп, камакка алынат. «Эл жатса да Элебайдын эки уулу жатпайт» -дегендей, 2010-жылы 7-апрелде бийлик алмашкан соң өлкөнү жети субьектисинин башка жетекчилери ичип-жэегенибизди  билип камап коюшпасын деген дыркырап чет мамлекетке качышып, жашынышып жатканда жалгыз ДЗОТко төшүн тосуп Ош мэрин сактап, сактамак түгүл Убактылуу өкмөт менен Атамбаевдин бийлигине тишин кайрап турган Мелис Мырзакматов Ахматбек Келдибековдун жалган жерден камалып жатканын туюп, Ош эли уюштурган 50 миң киши катышкан митингге келип, бийликтен жалтанбастан  чындыкты айтып сүйлөгөн. Ооба, бул сүйлөө менен ал өзүнө-өзү көр казып турган. Ал митингден бир-эки ай өтпөй Атамбаевдин «шайтандары» аны бийликтен алып түшүү «Барбаросс планын» ийкемдүү аткарышкан.

Ошондон кийин рейдерлик басып алуучулуктан сыртта далдааланып жүргөн Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголгон. Ошол кезде эл аралык абал олку-солку болуп турганда, кыргыз эли бир муштум болуп биригип, тыштан келген күчтөрдү жолотпой, ынтымагыбызды бекемдеп, ата-бабабыздан калган ыйык жерлерибизди көздүн карегиндей сактап турушубуз керек эле. Бийлигин гана ойлогон атамбаевдик бийлик тескерисинче, баш көтөргөн Мырзакматовдой жигиттерди каралаганга өткөн. «Балык башынан сасыйт» - дегендей, тунук булагыбызды атамбаевчилер дал агып чыккан жеринен булгап, анысын жик билгизбей, эл үчүн төшүн тоскон инсандарыбызга шылтоолоп, аларга бут тосуп, ынтымакты ыдыратып жатканына карапайым адам катары жан кейип турду. “Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы”, акыркы жыйырма-отуз жылдан бери кыргыз элин жакырчылыктын кырынан алыс ала салдырып, элдин энчисинен жыйып-тергенин жоготуп алуудан кайгырып турушкан атамбаевчилер дал агып чыккан жеринен булгап, анысын жик билгизбей, күндөн-күнгө кымбатчылык муунтуп келаткан элдин ортосунда ажырым кеткен. Акаевдин учурунда базарда соода кылып, уяты жок нерселерди сатып жүргөн адам башкарган КТРК баш болгон мамлекеттик ЖМКлар “майкөл-сүткөлдө” жашап атабыз дешкени менен, эшикке чыгып соода точкасына кирген адам, күн сайын өсүп бараткан бааны көрүп, бул бийликке болгон кыжыры өрчүп бараткан. Элден алыстап кеткен бийликке бир гана Мелис Мырзакматовго окшогон жигиттер сес көрсөтүп турушкан. Болбосо, Атамбаевдин колтугунда жүргөн “гишпуруштардын” бирине айланса, Мелис мырза Оштун мэри эмес, ал кезде кыргыз өкмөтүн жетектеп калмак. Оштон Мырзакматов баштап кеткен эстакада курулбай, Кадырбаев үлкөн бийликтен тил укканы аз келгенсип, сахнада бийлейм деп, элден бөтөлкө менен жеп жүрдү. Кайсы арына бийлейт Оштун милиция төбөлдөрү майрамдаган сайын чоң кызматта турганы кичине кызматта турганынын мурдун талкалай коюп жатса. Бийликтеги стакан кагышкан достору жеп ичкени үчүн Бпшкы прокурордон кордук көрбөй, чартаңбай тээп жүрүшсө. Кокус, Оштун мэри болуп турганда Мырзакматовдун кымындай “кылыгы” чыгып калса, “Аракчеевщинага” айланып бараткан күч структурасы “күлтүгүн төкпөй” туруп, “күн тийбес” жерге камап коймок. Мырзакматов Ош шаарынын мэри катары гана, бир гана шаарга эмес мамлекетке жетекчи боло турган дараметин, чамасын көрсөтө алган.

Учурда энергетика маселеси Кыргызстанда оор, суунун көлөмүнүн азайып баратканы электрдин таңкыстыгына алып бара жатат, Казакстандан алып келген уулуу, экологиялык шарттарга туура келбеген, түтүн сасыткан көмүр көйгөйлөрүнөн улам энергетикада коопсуз жана арзан жаратылыш газдарынын артыкчылыгы өсүүдө. СССР кулагандан кийин алмаштырууну эч ким ойлобой дат баскан түтүктөрү менен эскирген жабдыктарынын ышпалдасы чыккан. Ташкен желкеге минип алып СССР тарагандан кийин саясий көз карандылыкка алып барган.

Газ өнөр жайын кайра жандандыруу үчүн «Кыргызгазды» 1 долларга «Газпромго» сатышып газ жеткирүүдө туруктуулукту  кармаш үчүн аракеттер жасалган. Албетте, бул жакшы ой, бирок мунун нюанстары көп. «Кыргызгазды» 1 долларга «Газпромго» сатар алдында үтүр, чекитине чейин караш керек эле. 2013-жылы өзбек газынын кысымынан  кутулганыбыз бул абдан жакшы. Бирок, 2014-жылы алар Түштүк аймагына 9 ай газ өткөзбөй койгон. Мындай элди бөлүү туура эмес саясат болгон. Атамбаевдин кетирген катачылыгы ушунда турганын Ахматбек Келдибеков алдын ала 2013-жылы эле  баса белгилеген. Анын айтканы дал келди, «Көсөөнүн акылы түштөн кийин кирет» -дегендей Ахматбек Келдибеков газ үчүн камалып, Мелис Мырзакматов колдоп чыккан соң бир жылдан кийин гана Атамбаев катасын оңдогон. Ага чейин 9 ай Түштүк эли газы жок отурушкан. Ахматбек Келдибеков менен Мелис Мырзакматовдун газ тармактарын модернизациялоо боюнча сунуштарын атамбаевчилер уурдап алышып, тарифтерди мурункудай көтөрүшпөй, жаңы турак-жай комплекстерин борбордук жылытуудан баш тартышып, көмүрдүн ордуна жаратылыш газын пайдаланууга бет алышкан. Ахматбек Келдибеков менен Мелис Мырзакматовдун атамбаевчилерге каршы чыкканынан улам «Газпром» Кыргызстанда жаңы газ түтүктөрүн улантууга кат-кат убада беришкен. Бирок бул убада деле ишке ашкан жок. Анткени, Атамбаев жоопкерчиликтен кутулуп «Газпромго» «Кыргызгазды» 1 долларга сатканы үчүн токпейил эле. 2014-жылдан бери «Газпром» жаңыланган магистралдык жана бөлүштүрүүчү газ түтүктөрү, газ бөлүштүрүүчү станциялар, көптөгөн айылдарды газдаштыруу үчүн 400 млн доллар акчаны сарптадык деп бакылдап жатышат. Кана ал акчалар каякка жумшалганы же 400 млн долларды курула элек Нарындагы кичи мини-ГЭСтерге бөлүнгөн 38 млн доллар сыяктуу «АША бийлик» ашап койгонбу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости