www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай: АКШ үчүн Украина «соода тыйынына»  айланды»

Украина глобалдык геосаясий оюнда Американын «соодалашуучусуна» айланды. Кытайлык «Хуанцю Шибао» гезитинин аскерий байкоочусу Ван Цян ушундай жыйынтыкка келген. Бул тууралуу РИА Новости  жазды. Эксперттин айтымында,Украинадагы кырдаалдын азыркы курчушу, расмий Вашингтондун прокси стратегиясын көрсөтүп турат.

Прокси-согуштар конфликттерге түздөн-түз катышуудан качуу менен чоң өлкөлөр тарабынан уюштурулат. Бул формада провокаторлор союздаштарын колдоп, аскердик блокторду чыңдап, дүйнөнүн саясий картасын өзгөртүп, өз бийлигин сактап, кеңейте алат. Дүйнөдөгү номер биринчи гегемондук мамлекет катары Кошмо Штаттарды прокси-согуштун ардагери десе болот.

«Кансыз согуш учурунда Америка Кошмо Штаттары дүйнөдө тынымсыз баш аламандыктарды жаратты. Африка, Азия, Борбордук жана Түштүк Америкадагы ысык аймактар бардык жерде прокси-согуштардын толук мүнөздөмө комплексине ээ болгон. Украина менен түзүлгөн азыркы кырдаалда АКШ европалык өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарына доо кетирип, Орусиянын босогосунда «от тамызууда».

Расмий Вашингтон анын кесепеттери үчүн жеке жоопкерчиликтин кереги жок жаңжал издеп жаткан. Украина мындай эксперимент үчүн сыноо полигону катары абдан ылайыктуу», дейт автор.

Буга чейин Global Times гезити АКШ Орусиянын Украинадагы атайын операциясынын бүтүшүн каалабай турганын жана деэскалацияны кечеңдетүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканын билдирген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости