www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-июндан тарта Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Россиянын аймагына товарларды алып кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Россияга товар экспорттоодо тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары төмөнкү жагдайды эске алышы керек: товарды алдыдагы жеткирүү тууралуу электрондук документти экспорттоочу эмес, товарды кабыл алуучу тарап — башкача айтканда, Россиядагы импорттоочу компания же ишкер тариздейт.

Россияга товарларды алып кирүүнү жүзөгө ашырган импорттоочулар төмөнкүлөрдү аткаруусу керек:

Россиянын ФСЖ (ФНС) сайтындагы Билдирүүчүнүн сервиси аркылуу товарлардын жеткирилиши күтүлүп жатканын тастыктаган электрондук документти тариздөө;

Камсыздоо төлөмүн киргизүү;

QR-код алуу.

Ошондой эле ташуучу РФдин бажы органдарынын талабы боюнча QR-кодду көрсөтүүгө милдеттүү.

QR-код жок болгон учурда же электрондук документте көрсөтүлгөн маалыматтар товар коштоочу документтердеги маалыматтарга дал келбесе, товар ташыган унаа Россиянын аймагына киргизилбейт.

Последние новости