www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда Астана шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы жыйынында сөз сүйлөдү.
Садыр Жапаров сөзүнүн башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди жана казак элин конституциялык реформанын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.
Андан ары мамлекет башчысы дүйнөлүк экономика геоэкономикалык атаандаштыктын күчөшү, технологиялык өзгөрүүлөрдүн ылдамдашы жана эл аралык кызматташтыктын моделдерин кайра карап чыгуу менен мүнөздөлгөн терең трансформация мезгилине кирип жатканын белгиледи.
Президент белгилегендей, бүгүнкү күндө улуттук экономиканын туруктуулугу, технологиялык көз карандысыздык, жеткирүү чынжырларынын коопсуздугу, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук маселелери биринчи орунга чыгууда.
Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө атаандаштык технологияларга жетүү үчүн гана эмес, аларды киргизүү ылдамдыгы, инновацияларды кеңейтүү жана экономиканын реалдуу секторунда натыйжалуу колдонуу жөндөмдүүлүгү үчүн да жүрүп жатканын баса белгиледи.
Президент ЕАЭБ жалпы рынок мейкиндиги гана болбостон, технологиялык өнөктөштүктүн, биргелешкен инновациялардын жана жаңы өсүү чекиттерин түзүүнүн платформасына айлануу үчүн жетиштүү потенциалга ээ экенине ишеним билдирди.
“Жасалма интеллектти биргелешип өнүктүрүү Биримдиктин технологиялык прогрессине кубаттуу түрткү берет деп ишенебиз”, - деди Садыр Жапаров.
Президент ошондой эле ЕАЭБдин алкагында жаңы соода келишимдерин активдүү түзүү өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи.
"Макулдашуулардын алкагындагы келишимдер кагаз бетинде гана калбастан, иш жүзүнө ашып, жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү, товар жүгүртүүнү ылдамдатуу жана рынокторду бири-бирине жеткиликтүү кылуусу абдан маанилүү”, - деди президент.
Мамлекет башчысы рынокторду либералдаштыруу ички өндүрүүчүлөрдүн алсызданышына алып келбеши керектигин баса белгиледи.
“Ар бир өнөр жай долбоору – бул жаңы жумуш орундары, технологиялар жана өлкөлөрүбүздүн экономикаларынын ортосундагы байланыштарды реалдуу чыңдоо. Бул чачырандылыктан бирдиктүү өнөр жай мейкиндигине карай жылыш”, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы илимий-технологиялык өнүгүүнүн жана илимий кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолду.
“Кыргыз Республикасы илимий-техникалык кызматташтыкка жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүүгө өзгөчө маани берет”, - деди президент.
Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү жаңы атаандаштык артыкчылыктары эми өзүнчө бир технологиялардын айланасында эмес, аларды комплекстүү колдонуу аркылуу калыптана турганын белгиледи.