www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров камактагы активист Адилет Балтабайга ырайым бергенин “Азаттык” жазды.
Маалыматты активисттин жубайы Гүлкайыр Жапарова ырастап, күйөөсү бүгүн абактан чыгарын айтты.
Белгилей кетсек, Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек бийликке сын айтылган акция, митингдерге катышып, жеринен социалдык түйүндөрдө түз эфирге чыгып, ар түрдүү маселелерде пикир билдирип жүргөнү менен таанылган.
Адилет Балтабай биринчи ирет 2022-жылы 30-июнда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө суракка чакыртылып, соттун чечими менен камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Жапырт башаламандык") боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылы 11-ноябрда Биринчи май райондук соту Адилет Балтабайды күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулган.
Активист эркиндикке чыккандан кийин Кемпир-Абад иши менен камалгандарды колдогон пикирин билдирип, алардын жакындары уюштурган акцияга да барган. Бул кадамы пробациянын эрежелерин бузуу катары эсептелип, 2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык сотунун чечими менен экинчи ирет камалган. Ал жазасын №27 абагынан өтөй турган болгон.