www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарындагы «Каракол» эл аралык аэропортунда бүгүн, 29-майда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон жаңы заманбап Командалык-диспетчердик пункттун (КДП) курулушунун башталышына арналган «Убакыт капсуласын» салуу аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мындай объект алгачкы жолу курулууда. Ал 2026-жылдын 15-майында башталган. Бекитилген планга ылайык, бардык курулуш иштери 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт деп пландалууда. Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.

Жаңы Командалык-диспетчердик пункт өлкөнүн авиациялык инфраструктурасындагы өзгөчө заманбап жана жогорку технологиялуу объект болуп саналат. Техникалык долбоорго ылайык, КДП жалпы аянты 835 чарчы метрди түзгөн тогуз кабаттан, анын ичинде жер төлө кабатынан турат. Диспетчердик мунаранын бийиктиги 36 метрди түзүп, Кыргызстандагы ушул багыттагы эң бийик объект болуп калат жана авиадиспетчерлерге аэродром аймагын толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул долбоордун ишке ашырылышы Ысык-Көл облусунун мындан аркы өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Жаңы КДП пайдаланууга берилгенден кийин «Каракол» эл аралык аэропорту аба ырайынын шарттарына карабастан ички жана эл аралык каттамдарды жыл бою кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат.

«Убакыт капсуласын» салуу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Беркут Калмуратов, Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов жана авиация тармагынын өкүлдөрү катышты.

Последние новости