www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-класска 113 миңден ашуун бала кабыл алынды. Каттоо уланууда

Электрондук каттоо 30-августка чейин созулат.

Быйыл өлкө боюнча 1-класска 113 миңден ашуун бала кабыл алынганын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Билдирмеге ылайык, учурда баланын катталган жерине карабастан бош орундары бар мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде 1-класска электрондук каттоо жүрүүдө.

Ата-эне же мыйзамдуу өкүлдөр шилтемеси аркылуу мектеп жашына жеткен баланы каттоо үчүн өтүнмө жибере алышат. Электрондук каттоо 30-августка чейин созулат.

Белгилей кетсек, электрондук каттоо эки этапта өтүүдө.

Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүргүзүлгөн. Экинчи этапта бош орундары бар мектепке катталса болот.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости