www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-август күнү катталган катуу шамал Бишкекте көп кабаттуу 4 турак үйдүн чатырын учурган. Жалпы 30 бак кулаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4 унаа жабыркап, ошондой эле 1 турак жайдын, 1 чайхананын чатырын учурган. Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес жана жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, ӨКМ Бишкек жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал боло тургандыгы тууралуу шашылыш билдирүү тараткан. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 2024-жылдын 9-августунда саат 17:49дан 19:00гө (1 саат 11 мүнөт ичинде) чейин Чүй облусунун Аламүдүн районунда жана Бишкек шаарында түштүктөн соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 26 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана Жарандык коргонуу кызматтары тактоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми кулаган бак-дарактар Бишкек Жашылдандыруу кызматы тарабынан тазаланууда.

Последние новости