www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида Жапония аралдарынын аймагындагы катуу жер титирөө коркунучунан улам Казакстан, Өзбекстан жана Монголияга сапарын токтотту.

Жапон маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, премьер-министр мындай чечимди Жапониянын метеорологиялык агенттиги Нанкай жаракасынын аймагында ыктымал күчтүү жер титирөө тууралуу эскерткенден кийин кабыл алды.

Буга чейин Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 9-10-августта Астанада боло турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммитине катышуу үчүн барары, Жапониянын тарыхында биринчи жолу Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен биргелешкен декларация жарыяланары кабарланган.

Japan Times гезити премьер-министрдин сапары учурунда Токио аймакка экономикалык жардам көрсөтүү пакетин жарыялайт деп күтүлүп жатканын жазган.

Акыркы жылдары жапон сейсмологдору Жапониянын башкы аралы болгон Хонсю аралынан түштүк-чыгышын карай жайгашкан Нанкай жаракасынын аймагында жер титирөө болушу мүмкүн экенине абдан тынчсызданып жатышат. Ар бир 100-200 жылда ал жерде күчү 8 баллга жеткен катуу жер титирөөлөр болуп турат.

Последние новости