www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-класска кабыл алуу: Учурда 69,6 миң бош орун бар

Кыргызстанда 123,7 миңден ашуун бала 1-класска катталды. Бул маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталында жарыяланган.

Бишкек шаарында 23,8 миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынды. Алардын ичинен:

  • 12,7 миңге жакыны кыргыз тилинде окутулган класстарга;
  • 11,2 миңден ашыгы орус тилинде окутулган класстарга катталган.

Борбор калаада азырынча 2,5 миңдей бош орун бар.

2026/2027-окуу жылы үчүн республика боюнча жалпы 193,3 миң орун бөлүнгөн. Учурда алардын 69,6 миңи дагы эле бош бойдон калууда.

1-класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этапта балдар жашаган дареги (микроаймак) боюнча кабыл алынган. Азыркы учурда каттоону катталган дарекке карабастан, бош орун бар мектептерге жүргүзүүгө болот.

Каттоо август айында аяктайт. 1-класска 2019 жана 2020-жылдары төрөлгөн балдар кабыл алынат.

Последние новости