www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 2010–2015-жылдары туулган жаш спортчулар арасында сууда сүзүү боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өтүп жатат.
Мелдешке шаардагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын атынан чыккан балдар катышууда.
Сынактын расмий ачылышы 21-июлда «Дельфин» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өттү.
Иш-чарада Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Канатбек Маматов жаш спортчуларга ийгилик каалап, спорт менен үзгүлтүксүз машыгуу балдардын ден соолугун чыңдап, тартипке жана жоопкерчиликке үйрөтөрүн белгиледи.
Алты күнгө созулган мелдеш 20-июлдан 25-июлга чейин өтүп, ага 128 жаш сүзүүчү алты жаш курактык категория боюнча күч сынашууда.
Катышуучулар 25 метр аралыкты эркин сүзүү ыкмасы менен багындырып, жеңүүчүлөр финалдык жарыштарда көрсөтүлгөн мыкты убакыттардын негизинде аныкталат.
Мелдеш World Aquatics уюмунун жана Кыргыз Республикасынын Сууда сүзүү федерациясынын эрежелерине ылайык өткөрүлүүдө.
Биринчи жарыш күнүнүн жыйынтыгында төмөнкү спортчулар жеңүүчү аталды:
2011-жылы туулган кыздар арасында:
1-орун — Жоомартова А. (25,52 сек.);
2-орун — Бекмурзаева Ж. (25,78 сек.);
3-орун — Үсөнова А. (26,30 сек.).
2011-жылы туулган балдар арасында:
1-орун — Кушнер Я. (11,99 сек.);
2-орун — Асыранкулов (13,03 сек.);
3-орун — Шайыкбеков И. (14,17 сек.).
2010-жылы туулган кыздар арасында:
1-орун — Кубанычбекова А. (17,76 сек.);
2-орун — Темирбекова Ж. (30,99 сек.);
3-орун — Кудайбердиева М. (33,01 сек.).
2010-жылы туулган балдар арасында:
1-орун — Эгенбергенов Н. (16,00 сек.);
2-орун — Токуров Б. (19,15 сек.);
3-орун — Джумабеков Б. (21,08 сек.).
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери Бишкек мэриясынын тиешелүү департаментинин дипломдору жана медалдары менен сыйланат.