www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүүсүн иреттөө, ошондой чет жакка чыгуучу аба, темир жол жана унаа каттамдарынын калыбына келтирилгендигин эске алуу менен Министрлер кабинети тарабынан 2022-жылдын 1-мартынан тарта чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар үчүн «жашыл коридорду» жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасында ар кандай максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2022-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн тиешелүү документтерди (виза, каттоо) тариздөө сунушталат.

Министрлер кабинетинин кабыл алган чечими тууралуу өз мөөнөтүндө маалымдоо максатында Тышкы иштер министрлигине, Ички иштер министрлигине, Санариптик өнүктүрүү министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү тапшырылды.

Маалымдама: Коронавирус инфекциясынын (COVID-19) дүйнөдө жайылышына байланыштуу убактылуу чектөөлөр иштеген учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы №84-Р токтому кабыл алынган, ал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында виза аркылуу жана визасыз режимдин негизинде жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу визасын албастан жана жашаган жери боюнча каттоосу жок эле, жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн айып пул төлөбөстөн, чыгып кетүүлөрү каралган.

 Булак: NazarNews.kg 

Последние новости