www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусундагы Кара-Буура-Чаткал унаа жолунда "Вертекс голд компани" ЖАКынын жумушчулары карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда кар көчүп, 2 кызматкерди көчкү басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, куткаруу иштерине компаниядан 5 жүктөгүч, 1 экскаватор жана 100гө жакын кызматкер, ӨКМден 5 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 17:30дар чамасында 1 эркек кишинин, саат 19:15тер чамасында дагы 1 эркек кишинин денелери табылган. Алардын аты-жөнү такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости