www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жамгыр» кенинде буга чейин да бир топ кырсыктар болуп келген, баары «кыргызча» жашырылып, далай өмүрлөр соолуган. Мындай пикирин журналист Күнболот Момоконов Facebook өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
«Алтындын азабы. Канча деген чырактай жандар кыйылып жатат. 2 тонна алтын алса эки жыл айтып бүтпөйбүз, 2 адам набыт болсо «муну кырсык деп коет» деп камырабайбыз.
Чаткалдагы «Жамгыр» кенинде кар көчкү түшүп, 2 адамдан ажырап калдык.
Бул шалаакылык. Кар көчкүбү, жер көчкүбү алдын алыш керек эле. Жоопкерчилик каралышы керек.
«Жамгыр» кенинде буга чейин да бир топ кырсыктар болуп келген, баары «кыргызча» жашырылып, кайран кыргыз саламаттыгынан, өмүрүнөн акчаны, жумуш орунду артык көрүп, ачыгын айтпай далай өмүрлөр соолуган.
Бардык кен иштеткен аймактарда мына ушундай шалаакы, кенебес аракеттердин аркасында көп кырсыктар катталууда. Айтылбайт. Чындык жашырылууда.
Таластагы Жерүй алтын кенинде буга чейин жана ушул кездерде дагы бир катар кырсыктар болууда. Акчадан башканы айтпаган, көрбөгөн тарап аларды көмүскө калтырып, жалаң жакшы жагын (болсун) көрсөтүү менен алек. Бул - оорууну жашырсаң, өлүм ашкерелейт дегендик. Кыргызга мындан өткөн чыккынчылык жок!
Мунайыбыз, Газыбыз жок. Түшүнүп турабыз. Кен менен Кең келечек курабызбы? Анда, экологияны, элди талкалабай, эсибиз менен куралы!
Биринчи байлык- мекенибиз, элибиз!», - деп белгилеген ал.
Булак: NazarNews.kg