www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Вертекс Голд компани» - бул чет өлкөлүк катышуучу компания. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, ал баалуу (асыл) металлдарды казып алуу менен алектенет. Өткөн жылдын апрель айында депутаттык комиссия ишкананын ишмердүүлүгүн караган. Казакстандык деп аталып, 80 тонна алтындын запасы бар «Жамгыр» кенин 2003-жылдан бери иштетип келет.
Жогорку Кеңеш акыркы убакта компанияга коомчулуктан жана мамлекеттик органдардан улуттук мыйзамдарды сактоо, анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча бир катар талаптар келип түшкөнүн билдирди. Ошондой эле депутаттар алтын кенин чет өлкөгө экспорттоону токтотууну талап кылышкан.
Ал эми ачык маалыматтарда аталган компаниянын түстүү металлдарды казуу менен алектенери жана алтындын рудасын Казакстанга ташый турганы жазылган.
Белгилей кетсек, буга чейин Чаткалдын тургундар ишкананын уу калдыктар сакталган жайы суунун жанына курулганына каршы болуп, аны жабууну талап кылышкан.
Мындан улам 2021- жылдын 21-сентябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Чаткал районунун акими баштаган жергиликтүү бийлик башчылары жана компания кызматкерлери менен жашоочулар катышкан жыйын болгон.
«Вертекс Голд» 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр кенин иштетет. Ал кенде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган.
Ишкана куруп жаткан калдык сактоочу жай тоо башында, агын суунун жээгинде жайгашкан.
Эске салсак, кечээ, 21-январда Жалал-Абал облусунда Кара-Буура — Чаткал жолунда эки киши көчкү басып калып каза тапты.
Маалым болгондой, кар көчкү 5 адамды басып калган, кийин 2 кишинин каза тапканы айтылды.
Ал эми ӨКМдин расмий маалыматы боюнча, Кара-Буура — Чаткал жолунда «Вертекс Голд Компани» компаниясынын кызматкерлери карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда көчкү эки кызматкерди басып калган. Алардын биринин сөөгү саат 17:30дарда, экинчисиники 19:15 чамасында табылган.
Учурда каза болгон жарандардын өздүгү такталууда.
Булак: NazarNews.kg