www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

700 гектар жер эмес жарым гектар жери жок адамдар толтура. Тайырбек Сарпашев 700 гектар жерине канал салып койсо элдин батасын алмак. 2021-жылы анын 700 га жерине жаңы канал куруш үчүн  мамлекет

1 млн 200 миң сом бөлүнгөн эки жолу тендер өткөзсө да бул жер Сарпашевдики экен деп эч ким басып келбеген. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун губернатору Абсаттар Сыргабаев баш болуп кайгырып отурушат. Кызыл Чарба каналын иштештетпесе Сарпашев байкуш жерин кантип айдайт деп кайгыргандар маалыматка чыга баштады. Эмне үчүн мулти-миллиардер Тайырбек Сарпашев капчыгынан акча бөлбөйт?

Паспорттогу улуту “кыргыз” деген графаны алдырып салган Т.Сарпашевдин камалуу мөөнөтү узарды

Генерал Жапыкеев Сыймыктын сыйыртмагынан буйтаң этип, чыгып кеткен Сарпашев “Кумтөр” боюнча кайрадан капканга түшкөн. «Ар заманда бир куркулдай» -деген кеп бар, Атамбаевдин бийлиги учурунда биринчи вице-премьер катары көктөгөн Тайырбек Сарпашев «куркулдайга» айланган. Ал учурда эмне тендер болсо «мен, мен» деп кол көтөргөн окуучу сымал Тайырбек Сарпашев дайым даяр болуп калчу да, мансабына таянып тендерди утуп, бизнестин канын соруп кирчү. 2020-жылдын  октябрынан соң Башкы прокурордук орунду басып алып, бирок боло албай, кийин финполду башкарып калган Сыймык Жапыкеев эң биринчи асылганда эле Тайырбек Сарпашевден баштаган. Заман оңолду, мына эми куса тургандар кусат деп турганда, ал «даң салган торпоктой» финполдун колунан кутулуп кетти. Эмне болуп кутулуп кеткенин ким билет, тез эле Жапыкеев генерал алып, партиялаштарын көзгө илбей калган. Жапыкеев деле 2020-жылы июнда мени камаган жатат деп ыйлактап эле жүрчү.

2021-жылдын 25-ноябрында  Бишкектин биринчи май райондук соту мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасын карады. Ал 2022-жылдын 30-январына чейин УКМКнын абагында камакта калтырылды. Сарпашев 17-июнда Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган.

Сот “Кумтөр” боюнча СИЗОдо жаткан Тайырбек Сарпашевдин мөөнөтүн узартты. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Сарпашев жогорку саясий кызматта иштеп жатып, канадалык «Центерра» компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөргө зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталды.

Сарпашев өкмөттө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, «Центерранын» кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана аны кабыл алууга тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр Голд Компаниге» мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, Кумтөр кенинде жайгашкан Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү парламенттин кароосуна киргизген.

Сарпашев тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен 17-июнда Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кармалган. 2020-жылы да Финансы полициясына суракка чакыртылган, эмне болуп кутулганын ким билет?

 

Мамкаттоону тескеп турганда паспорттогу «Кыргыз» деген жазууну алып салуу үчүн Тайырбек Сарпашевдин жан үрөп күрөшкөнүн ким танат? Мунун ата-тегин жакшылап аңтарган киши түбү кыргыз эмес Көлөптөн (Куляб) качып келип кыргызга аралашкан деп да жүрүшөт. Сөз бекер жерден чыкпайт, балким ошондон улам паспорттогу «кыргыз» деген улутту алдырып салды болуш керек. Жеткен алкы бузук, Токтогул мындай турсун жердин барын экс-канайым Майрам Акаеванын классташы, кайынатасы Тойчубек Касымовго таянып алып койгон. Тойчубек Касымов Акаевдин заманында Таласка, Ысык-Көлгө губернатор болуп жол салып, жолдун бөлүктөрүнө президент Акаевдин жакын санаалаштарынын атын коюп «Жолчубек» атка конгон. Кийин президенттик аппаратты жетектеген. 2005-жылдын 24-мартынан Интерпол тарабынан издөөгө алынган. Күйөө баласы  Сарпашев болсо ар кимдин артында шалпаңдап ээрчип вице-спикер болуп жүрүп, 2007-жылы парламенттик шайлоодо Каныбек Иманалиев менен  «Туран» партиясын түзүшкөн.

Ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн, жакын туугандарына каттаган. Буга чейин коопсуздук органдары мурунку биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү башталганын кабарлаган:

1.«Градиент-Строй» ЖЧКсы, уюштуруучусу Апазбек Сарпашев, жетекчиси Алмазбек Сарпашев;

2.Кыргыз-казак биргелешкен «Градиент» ЖЧКсы, уюштуруучусу 2013-жылдын февралына чейин Тайырбек Сарпашев, андан соң Эмир-Радик Сарпашев;

3.«Градиент Церера» дыйкан чарбасы, уюштуруучусу Дүйшөке Сарпашев (атасы), жетекчиси Абдрашит Лапазов;

4.«Градиент-Токтогул» ЖЧКсы, уюштуруучусу Наталья Ким менен Сергей Осипов, жетекчиси Эмир-Радик Сарпашев;

5.«Градиент-NET» ЖЧКсы, уюштуруучусу казак-кыргыз биргелешкен «Градиент» ЖЧКсы, жетекчиси Болот Борболдоев;

6.«Градиент-Недвижимость» ЖЧКсы, уюштуруучусу, жетекчиси Эмир-Радик Сарпашев;

7.«Градиент-Групп» ЖЧКсы, уюштуруучусу, жетекчиси Владислав Ли;

8.«Градиент-Чуй» ЖЧКсы, уюштуруучусу Сүйүн Кадыров, Мелисбек Иманалиев, Мирлан Акматов, жетекчиси Сүйүн Кадыров;


Атамбаевдин камчы «чабаары» Тайырбек Сарпашев 2013-жылдын февралына чейин мыйзамдуу, кийин биринчи вице-премьер катары мыйзамсыз башкарган «Градиент» ЖЧКсы 2012-жылы 9 мамлекеттик тендерди утса, 2013-жылы 12 тендерди уткан. Комиссиянын айтымында 2010-жылдын 2013-жылга чейин эле компания 529 млн 522 миң сомдук 110 тендерди утуп алган.

Документтер боюнча «Градиент» ЖЧКсы 2010 жылы 34 млн 774 миң сомдук 18 тендер утуп алса, ар бир тендер орто эсеп менен 1 млн 931 миң сомду түзгөн.

2011 - жылы компания ого бетер күчөп, жалпы суммасы127 млн 92 миң 275 сомдук 34 тендер утуп алып, орто эсеп менен ар бир тендер 3 млн 738 миң сомду түзгөн.

2012 -жылы «Градиент» ЖЧКсы 190 млн 530 миң сомдук 32 тендер утуп алып, орто эсеп менен ар бир тендердин баасы ракеталык ылдамдык менен жогорулап 5 млн 954 миң. сомду түзгөн.

«Шекшинген өзү шектенет» 2013 жылдан баштап компания анын тендерине болгон кызыгуулар көбөйүп, тендер утуп алуу саны азайган, ошого карабай жалпы суммасы 168 млн 157 миң. сомдук 26 тендерди чапчый жыгылган. Орто эсеп боюнча ар бир тендердин наркы - 6 млн 467 миң. сомду түзгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости