www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын бардык аймактарында банкоматтардын бош турганына төрт күн болду. Банктардын кассаларында узун кезек жаралды.

Нак акча чыгаруу үчүн башка шаарлардан жүздөгөн кишилер Душанбеге келишүүдө. Банктар нак акчага суроо-талап көп болгондуктан тартыштык жаралганын билидиришип, бирок талап эмне үчүн жогору болуп жатканын айта алышкан жок.

Тажикстан банктарынын борбордук бөлүмдөрүндө кезек дем алыш күндөрү эле жаралган.

“Мага Орусиядан акча жөнөтүшкөн, бирок мен аны ала албай жатам”, - деди кезекте турган аялдардын бири.

“Биздин шаардагы банкоматтардын биринде да акча жок. Кассага келүүгө аргасыз болдук”, - деди дагы бир эркек.

“Банк акча жок экенин айтып жатат. Күтүп турабыз. Мен таңкы бештен бери кезекте турам”, - деди душанбелик тургун.

“Мен картадагы акчамды алуу үчүн Вахдаттан келдим. Ал эми бул жерде андан да кезек көп экен”, -деп нааразы болду дагы бир киши.

Экономист Хожимухаммад Умаровдун айтымында, Тажикстанда чынында эле нак акча тартыш, себеби Улуттук банк сомониге кошумча эмиссия жүргүзүүдөн коркуп жатат. Жергиликтүү валютанын абалы ансыз да жакшы эмес. Украинада согуш башталгандан бери сомони арзандап кеткен. Адистин пикиринде, айлануудагы акчаны кыскартуу менен бийлик инфляцияны азайткысы келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости