www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат лицейлерге IT сабагын киргизүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева өлкөдө жумушсуздук маселесин чечүү үчүн маалыматтык технологиялар (IT) секторун колго алууну сунуштады.

Эл өкүлү IT-адистерин чыгаруу үчүн мектепте англис тилин окутууга жана мугалимдерди даярдоого маани берүү керектигин белгиледи. Ал Кыргызстанды жакынкы келечекте КМШдагы IT индустриясынын борборуна айландыруу мүмкүн экенин айтты.

Мындан улам төмөнкүлөр сунушталууда:

Мектепте англис тили боюнча сабагын көбөйтүү, анын сапатына көңүл буруу;

9-11-класстын базасындагы кесиптик-техникалык лицейлерде IT-адистиги боюнча сабак киргизүү;

Жумушсуз кайтып келген мигранттарды IT-адистигине кыска мөөнөттүү курстарда окутуп, аларды жумуш менен камсыздоо жолдорун үйрөнүп чыгуу.

Эл өкүлү жогоруда айтылган сунуштар боюнча тиешелүү министрликтерге протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости