www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Албетте, жарыбаган айлыкка өйдө тартса өйдө жакка, ылдый тартса ылдый жакка жетпей турганда миллиондогон сом айлык алгандар бар. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси 15 000$ же болбосо 1 275 000 сом айлык алат. Бул фонддун жетекчиси Азиз Алиев төрагалык кызматынан кол жууп, ордуна Путиндин жакшы санаалашы Артем Новиков келди. Фондду жетектегендер президент Жээнбековдун учурунда Азиз Алиев, президент Атамбаевдин учурунда Нурлан Мамытов, Кубанычбек Кулматов сыяктуу алкы бузуктардын «жем жеген акырлары» болгон. Фонду үч жыл жетекчиликке алыш үчүн, 2020-жылдын аягында жеке басар өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп туруп, Орусиянын президенти Путиндин көңүлүн Бишкекке бурган Артем Новиков бул орунга кабинет жетекчиси Марипов тарабынан дайындалды. Ал биринчи вице-премьерлик кызматынан бошодубу же андан да 45 миң сом айлык алабы азырынча белгисиз. Эгер ал жерден да айлык алса айлыгы 1 млн 325 миң 000 сом болот.
Фонд тар чөйрөгө иштеген бизнеске айландыбы?
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кыргыз экономикасын Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимине ылайык, 2014-жылдын 24-ноябрында ишке кирген. Фонд ЕАЭБге кошулган Кыргызстандын ишкерлерин колдоого, экономикасын өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Алгач капиталы 1 миллиард доллар болору убадаланып, 350 миллион доллар менен иш баштаган.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тар чөйрөгө иштеп турган элиталык бизнес коомуна айланган. Колунда бар адамдарга гана иштеп калды. Бул фонддун ишине бир катар нааразылыктар айтылып келген. Ишкерлердин көбү насыя берүү шарттары карапайым ишкерлер үчүн татаал, орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүүгө ыңгайсыз экенине нааразы. Фонддун уставында каралбаса да Бабанов сымал олигархтарга соодасын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген 17 миллион долларлык насыяларды берген учурлары болгон. Бул кезде Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун канча «магарыч» алганы белгисиз «өлбөс Кащей» Кубанычбек Кулматов жетекчилик кылып турган. Бул фонд эмнеге ачылган? Эмне Бабанов менен Кулматов байысын деппи? Орусия тарап акчасын бергенде, Евразия экономикалык биримдигинин рыногуна Кыргызстанды адаптациялоо максаты айтылган. Бирок андай болбоду? Эмне үчүн фонддун каражатына эл аралык деңгээлдеги лабораториялар ачылбай жатат? Эмнеге айыл-чарбасына колдоо көрсөтпөйт? Бизде айыл-чарба гана бар. Ошондуктан Кыргыз-орус өнүгүү фонду ушул багытта иштеш керек.
Орусия өкмөтү 1 миллиард доллар бөлүп, өндүрүштү жандандырууга жеңил шарттагы насыяларды берет деп айтылган. Бирок бул жаатта иш жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатканы боюнча ар кандай сындар айтылып келет. Орус-кыргыз өнүгүү Фонду азыркы күнгө чейин жүздөгөн долбоорлорду каржылады, анын ичинде чоң долбоорлор, орто жана чакан долбоорлор да бар. Фонддун каражатын ондон ашык банктар тейлеп жатат. Өлкө боюнча банктардын 300дөн ашык филиалдары насыя берип жатат. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду эл аралык банк катары иштеп жатат. Фонддун каражат берүү шарттары орто жана чакан ишкерликти өнүктүрүү үчүн абдан эле оор. Күрөө маселеси татаал.
Байларды кайра байытып, кедейлерге таптакыр кол жетпеген Фонд
Фонд насыя берүү пайыздарын төмөндөткөнү менен шарттарын абдан катуу кылып койгон. Мисалы, 1000 кой сатып алуу үчүн сенин колунда бир миллион сомдук коюң болуш керек экен. Ошону күрөөгө коюп анан алат экенсиң. Бул деген байларды кайра байытып, кедейлерге таптакыр кол жетпеген нерсе болуп жатпайбы. Бизде 9 миллион гектардан ашык жайыт бар, анын мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатабыз, ал кудай берген байлык. Аны пайдалануу үчүн көп сандаган малы бар ири-ири чарбаларды уюштуруу зарыл. Кайра иштетүү ишканаларын ачуу керек. Товарларыбызды тийиштүү стандарттарга жооп бере тургандай кылып чыгаруу керек, анткени колубуздан келбесе эч кимге таарына албайбыз. Бүгүнкү күнү орус-кыргыз фондунан көбүнчө кайра иштетүү тармагына, мал чарбасын өнүктүрүүгө алып жатышат. Мурда насыя пайыздары 12 болсо, азыр 5ке чейин төмөндөгөн. Дыйкандар “Айыл банк”, РСК банкы аркылуу насыяларды ала алышат. Өкмөт тарабынан “Айыл чарбасын колдоо-4” деген программа иштелип жатат, аны да Орус-кыргыз фонду аркылуу каржылоо каралып жатат
Фонд дыйкандардын кызыкчылыгын көздөйбү?
Кээ бир скептиктер "фонддун акчасы Орусиядан келгенине байланыштуу кредиттик-долбоорлорду колдоо кыргыз тараптын кызыкчылыгы эмес, ириде Орусия тараптын кызыкчылыгына төп келсе гана жактырылат" деп айтып калышат. Буга жооп катары Орус-кыргыз өнүгүү Фондунан минтип жатышат. Азыркы күнгө көптөгөн долбоорлор каржыланды, алар аркылуу пайда Кыргызстандын экономикасына кирди. Ал кимдин кызыкчылыгында экен? Азыр эле айтылды, эки кант заводу модернизацияланган. Ушул убакка чейин канттын 80 пайызын сырттан алып келчүбүз, эми Кыргызстанды кант менен 100 пайыз камсыз кыла алабыз, анан экспортко чыгарабыз деп. Бирок кумшекердин баасы күн санап өсүп бара жатат. Ошондой эле Тамчы аэропорту модернизацияланды, анын деңгээли Москванын мыкты аэропортуна тең болду. Токмокто текстил фабрикасы ишке кирди. Балким булар ичип-жеш үчүн жакшы булактар болгондур.
Орус-кыргыз өнүгүү фондго кайрылып насыя сураган ишкерлерди аймактар боюнча алып караганда чет жактарда башка аймактарга караганда бир топ аз. Бул эмнени айтып турат, ишкерлердин кызыгуусунун жоктугубу же насыя алуунун татаалдыгыбы? Деги, тоолуу элеттегилер Кыргыз-орус фондусунун жардамын сездиби?
Биринчиден, Насыя алуу үчүн фонддун талабы боюнча иштеп жаткан бизнес болушу керек. Ошонун аркасы менен насыялар өнүккөн аймактарга эле жетип жатпайбы. Мисалы, Бишкек, Ош шаары, Чүй облусу жакшы өнүккөн. Алыскы райондордо эл өнүгө элек, аларды ойлогон эч ким жок. Ошондон улам мурдагы байлар байыгандын эле үстүндө, жардылардын күрөөгө кое турган эч нерсеси жок, аларга жардам бере турган эч нерсе иштелген жок. Аймактардын өзгөчөлүгүн эске алган да киши жок. Кыргызстанда 9 миллион гектар жайыт бар, мал киндиктүү аймакпыз дейбиз, малыбыз көп, бирок стандартка жатпайт, кондицияга туура келбейт. Ошону этап-этап менен өнүктүрө турган масштабдуу долбоор жасалса жакшы болоор эле. Мисалы, торпокту алып, аны кунаажын кылып чоңойтуп, сатып, кайра иштете турган чоң иштер жасалышы керек. Фонд талап коюп жаткан беш жылда мунун баарына жетишүүгө мүмкүн эмес. Кээ бир аймактарда буудай да болбой калды. Арпа менен беде, экспарцет эле өстүрүп калышты. Элдин бир-эки гектардан жери бар. Аны менен ири өндүрүш болбойт. Бир-эки гектар жер менен барып фонддон акча алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул маселелерди чечүү үчүн атайын программаларды иштеп чыгуу керек....
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg