www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдан Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин китепканасынын фондунан 150 252 китеп макулатурага жөнөтүлгөн. Анын ичинде 2017-жылдын ноябрында 89 797, ал эми 2020-жылдын июнунда 60 455 китеп жок кылынган. Бул тууралуу маалыматты китепкананын кызматкерлеринин бири билдирди.

Официалдуу айтканда “булар эскирди” деген шылтоо менен жогорку окуу жайдын бухгалтериясынан 160 миң сом бөлүнүп, мындайча айтканда ар бир китепке 1 сомдон жумшап макулатурага ыргытылган. Ушул китептин арасында эч качан эскирбей турган 9 миңге жакын көркөм адабияттар да аралашып кеткен.

Негизи акча каякка эле чыгымдалып жатат десе ушул жакка кетип жаткан экен. Эски сейрек кездешүүчү китептер негизинен өтө балуу товар катары чет мамлекеттерде букинисттер аркылуу өтө кымбатка сатылат. Бизде болсо макулатурага кетириш үчүн 160 миң сомду жок кылып жатышат.

Албетте, мазмуну эскирип кетсе бул китептерди башка жактарга деле берип койсо болмок. Бул китептер нормативдүү акт боюнча башка жерлерге берилбей эле кумга сиңген суудай жок болгон. КРнын билим жана илим министрлигинин 25.01.2017 жылдагы №102/1 буйругунун жана Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин Уставынын негизинде жогорку окуу жайынын мүлктөрү мамлекеттик менчик болуп саналат. Бул мамлекеттик менчиктин башында Кыргыз Республикасынын өкмөтү турат. Жогорку окуу жайлары бул мүлктөрдү уюштуруучулар менен макулдашып иштетет. Бул жерде уюштуруучу катары КРнын билим жана илим министрлиги жана мамлекеттик мүлктөр боюнча атайын уполномечендер болушу керек. Бирок буларга карабай Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин китепкана фондусунан «жана башка негизги каражаттар» деген категориянын негизинде, мамлекеттик мүлктөр боюнча атайын уполномечендер менен макулдашылбастан бул китептер макулатурага кеткен. 

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин китепканасындагы иштер боюнча түзүлгөн эки комиссия бул жерде болуп жаткан туура эмес иштер боюнча бул жогорку окуу жайдын жетекчилигине кайрылышкан.  Мыйзамсыз чогултулган акча төлөмдөрү жана китептерди макулатурага өткөрүүдөгү калпыстыктар жетекчиликке эскертилип көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости