www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы токтомдорунун талаптарына ылайык, 2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланбаган электрондук капчык ээлери жана төлөм уюмдарынын (уюлдук байланыш операторлору) агенттеринин мобилдик тиркемелерин пайдаланган идентификацияланбаган колдонуучулары тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу ченеми күчүнө кирет.
Ушуга байланыштуу, Улуттук банк 2020-жылдын 1-октябрына чейин идентификацияланбаган электрондук капчыктардын ээлерин жана агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланбаган колдонуучуларын идентификация жол-жобосунан өтүү зарылдыгы тууралуу эскертет.
Идентификация жол-жобосунан өтүү үчүн идентификацияланбаган электрондук капчыктардын ээлери жана/же агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланбаган колдонуучулары коммерциялык банкка/төлөм уюмуна же анын агентине (тиешелүү уюлдук байланыш операторуна) кайрылып, өзү келип паспортун көрсөтүү менен же сүрөттү салыштырып текшерүү же болбосо видео байланышты колдонуу менен аралыктан идентификациядан өтүүсү зарыл.
2020-жылдын 1-октябрынан тартып, идентификацияланбаган электрондук капчыктардын ээлери жана агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланбаган колдонуучулары боюнча бардык финансылык операциялар токтой тургандыгын белгилейбиз. Ошол эле учурда, капчык ээлери/колдонуучулар үчүн аралыктан идентификациядан жана верификациядан өтүү үчүн өздөр
Улуттук банк бардык суроолор боюнча тейлеген коммерциялык банкка/төлөм уюмуна, төлөм уюмунун агентине (уюлдук байланыш оператору) кайрылууну сунуштайт.
Булак: NazarNews.kg