www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдиргендей, 2025-жылдын 1-октябрынан тарта «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында орнотулган аппараттык-программалык комплекстер (АПК) унаа ичинде коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө аныктайт.
Эреже бузуулар фото-видео байкоо аркылуу катталып, башка жол эрежелерин бузуу фактыларындай эле айып пул салынат.
ЖКККББ айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, коопсуздук курун тагынуу өз өмүрүңүздөрдү жана жакындарыңыздардын коопсуздугун сактоонун негизги шарты экенин эскертти