www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең, 11-мартта Бишкектеги соода-борборлорунун биринде жасала турчу бир тонна бешбармак жана 100 кулач чучукка даярдык көрүү кызуу башталып так ушул таптарда, беш бармактын эти тууралууда. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Дана Абдыбекова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Эске сала кетсек, “Гиннестин” рекорддор китебине кирүү үчүн жасалып жаткан бир тонна бешбармак жана 100 кулач чучук жасоо үчүн, сегиз жылкы союлду. Ал тургай беш бармакты сала турган атайын дат баспаган материал жана коопсуз азык-түлүк өндүрүшкө ылайыкталган талапка жооп берген табак дагы даяр жасалган.
Мындай жөрөлгө Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өтүп, эң көп салмактагы беш бармак жасоо боюнча дүйнөлүк рекорддко даярдыктар кызуу жүрүп жатат.
Расмий иш-чара эртең, 11-мартта «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунда өтөт. Аталган иш-чарага 50дөн ашуун ашпозчу кызмат кылат. Башкы демөөрчүсү «Аю Холдинг» компаниясы, уюштуруучусу «Кыргыз тилектештиги» коомдук уюмунун баш бакандары Эльнура Кулуева, Жамалбек Ырсалиев жана Дана Абдыбекова.
Баса, иш-чаранын алкагында кыргыздын калпагын ЮНЕСКОго киргизүү боюнча кол топтолот.
Булак: NazarNews.kg