www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Замира Матубраимова №1 клиникалык төрөт үйүнүн башкы дарыгери болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, төрөт үйүнүн жамаатына жаңы башкы дарыгерди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырды.
Матубраимова бул төрөт үйүндө 20 жылдан ашык эмгектенген. «Аминат Харуновна 10 жылга жакын башкы дарыгер болуп иштеп, бул аралыкта бир эмес, бир нече муун тажрыйбалуу адистерди тарбиялап, миңдеген балдарга Умай эне болуп, азыр татыктуу эс алууга кетип жатат.
Бүгүн биз тажрыйбалуу жетекчи кийинки жетекечинин кантип даярдап, үйрөтүп артында калтырып кеткенине бүгүн күбө болуп жатабыз. Аминат Харуновнага ден соолук, жаңы жетекчиге иштерине ийгиликтерди каалайм», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Аминат Байтикова буга чейин №1 төрөт үйүнүн башкы дарыгери кызматын аркалап келген.
Булак: NazarNews.kg