www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-апрелден тарта Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн маршруткалар алынат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ахунбаев көчөсү - 7 - Апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй проспектиси - Манас проспектиси менен чектелген аймакта бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Шаардын борбордук көчөлөрүн кичи маршруттук каттамдардан бошотуу үч этапта жүргүзүлүп, биринчи этабын 10-апрелден тарта баштоо пландаштырылууда.

Биринчи этапта № 111, 118, 130, 134, 135, 136 маршруттук каттамдар чыгарылат, унаалардын жалпы саны 135ти түзөт.

Экинчи этап 10-майдан башталат. Анын алкагында төмөнкү кичи маршруттук каттам шаар сыртына чыгарылат. Алар төмөнкү каттамдар: №138, 163, 192, 202, 207, 220. Унаалардын саны 159ду түзөт.

Үчүнчү этап 1-июнда башталып, төмөнкү кичи маршруттук каттамдар калаа сыртына чыгат: № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275, 150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295. Унаалардын саны 589ду түзөт.

Мэриядан белгилешкендей, кичи автобустардын айдоочулары муниципалдык автобустун айдоочусу болуп ишке орношсо болот. Бирок окуудан өтүү керек. Анын мөөнөтү иш стажына жараша аныкталат. Бүгүнкү күндө автобус айдоочусунун айлык акысы 98 миң сомго чейин жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости