www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги сот аткаруучуга кылмыш иш козголду

Бишкек шаарынын Свердлов районунун сот аткаруучусу 29 млн 715 миң сомго бааланган 424 миң 500 куту (пачка) тамекини мыйзамсыз жок кылган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

«Сот аткаруучу Э.С. өз билемдик менен далил заттарды кампадан мыйзамсыз алып чыгып, саламаттык сактоо жана башка органдардын катышуусунда атайын комиссия түзбөстөн, жашаган жери тууралуу жана паспорттук маалыматтары жок күбөлөрдүн катышуусунда далил буюмдарды жок кылган. Тактап айтканда ал тамекилерди талаада өрттөп, окуяны видеого тартып, далил буюмдарды жок кылып жатканын айтып, акт түзүп, документтерди үйүндө сактап жүргөн.

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338- беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү милдети УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости