www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган элчилерге Түркиянын суверенитетин бутага алган деген кине таккан. Ал - кимде-ким өлкөнүн көз карандысыздыгын урматтабаса, Түркиядан кете берсе болоорун айткан.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган - 10 чет өлкөлүк элчини персона нон-грата деп жарыялоо маселеси элчилердин Түркиянын ички ишине кийлигишпей турганын билдиргенден кийин чечилди деп айтты. Бул туурасында РИА Новости кабарлайт.

Дүйшөмбү күнү АКШнын жана башка бир катар мамлекеттердин элчиликтери - Вена конвенциясына ылайык, өлкөнүн ички иштерине кийлигишпей турганын айтып, билдирүү менен чыккан.

"Бир катар мамлекеттердин элчилери биздин өлкөнүн суверенитетин бутага алышкан. Мындай билдирүү биздин соттор менен жактоочуларды мазактоо. Түркия соту көз каранды эмес жана эч кимдин буйругун аткарбайт. Андыктан, мындай мазактоого жооп кылуу биздин милдетибиз. Кандайдыр бир кризис жараталы деген жокпуз, өлкөбүздүн намысын, кызыкчылыгын, укугун коргодук. Элчилердин бүгүнкү билдирүүсүнөн кийин кырдаал башка жакка өзгөрдү", — деди Эрдоган.

Анын айтымында, ал - элчилердин "мындан ары Түркия боюнча билдирүүлөрү сак жана дыкат болооруна ишеним артат". "Кимде-ким биздин өлкөнүн көз карандысыздыгын урматтабаса, титулдарына, артыкчылыктарына карабай, өлкөдөн чыгып кетсе болот", — деген Түркия президенти.

Эске салсак, буга чейин Канада, Франция, Финляндия, Дания, Германия, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Норвегия, Швеция жана АКШ мамлекеттеринин элчилер түрк бийлигин укук коргоочу Осман Каваланы бошотууга чакырган. Түркиянын ТИМи бул өлкөлөрдүн элчилеринин чакырыгын тастыктап, дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясын сактоо зарылдыгын эскерткен.

Осман Кавала — Anadolu Kültür AŞ маданий фондунун негиздөөчүсү, түрк жана армян калкынын ортосундагы элдештирүү жана күрд маселесин тынчтык жолу менен чечүү сыяктуу эл аралык маанидеги этникалык жана диний азчылыктардын долбоорлорун колдойт.

2013-жылы Стамбулдун Гези паркындагы нааразылык акцияларында өкмөттү кулатуу аракетине катышкан деп айыпталган Каваланы 2020-жылдын февралында Түркиянын соту актаган. Ошол эле күнү Стамбулдун прокуратурасы аны камакка алуу боюнча жаңы ордер чыгарган. Кавалага бул жолу 2016-жылы июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар деген айып тагылууда.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости