www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюму талибдерден санкцияларын алып салууга даяр, бул аткарыла турган нерсе. Мындай пикирин РФтин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Экинчи Азия департаментинин директору Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Бул эми аткарыла турган эле нерсе. Биз айтылган маселе боюнча иштейбиз. Башкысы, БУУ өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө караганда, уюмда ички макулдук бар", — деген Кабулов "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында.

Ал окуянын өнүгүшүн алдын ала айтуунун кереги жоктугун да белгиледи. "Биз Москвадан оогандык конокторго эгерде биздин жардам бергенибизди кааласаңар, силер бизге жардамдашкыла... дүйнөлүк коомчулуктун айткандарына кулак төшөп, элдин айткандарын уккула дедик. Эл да ар түрдүү.

Баарынын эле адам укугу боюнча пикири сайттарда жазылгандай, өзгөчө Батыш ЖМКлары айткандай эмес. Айтып жаткан нерселер жана талаптар арыдан бери болушу керек. Ошондо гана жаңы ооган бийлигин ушундай жол менен кепке келтирип, көндүрө алабыз", — деген спикер.

Андан сырткары, Кабулов өнөктөштөр менен биргеликте Орусия Ооганстандын тоңдурган финансылык каражаттарын ачтыра турганын айтты. "Кеп Талибанда эмес, өлкөнүн азыркы авуарлары (төлөмдөрдү жүргүзө турган жана милдеттенмелерди жоё турган каражат) туурасында болууда. Биздин билгенибизге караганда, авуарларда 9 миллиард доллар АКШда, дагы 1,5 миллиарды Европада тоңдурулган. Бул караждатты ачуу боло турган көрүнүш, булардын баары кайрадан жандандырылышы керек", — деген Кабулов.

Ал - ооган элинин тагдырына күйүп-бышып жатканы туурасындагы Вашингтондун билдирүүсү эки жүздүүлүк деген пикирин да айткан. "Муну чечиш керек, биз эл аралык башка өнөктөштөр менен биргеликте аракетибизди улантабыз. Бул жерде эл аралык укукту мындай коёлу, жөнөкөй эле, андан берки нерселер зарыл", — деген дипломат.

Буга чейин Орусия лидери Владимир Путин Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн жардам берүү керектигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости