www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников - бронхит болуп, жөтөл кыйнап жатканда антибиотик ичпөөгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазат. "Тамак ооруп же жөтөл кыйнап жаткан учурда антибиотиктин зарылдыгы жок. Бул учурда бир гана жөтөлгө каршы дары-дармектер жардам берет. Анткени көпчүлүк учурда бронхитти инфекция козгобойт", — деди Мясников.

Ошондой эле, медик гайморит болуп жатканда дагы антибиотик пайда түгүл, зыян алып келиши мүмкүн экенин билдирди. "Мен муну көп жолу айттым. Антибиотикти дарыгер жазып берген учурда гана ичүү керек. Адатта медиктер антибиотикти ангина күчөп, дене табы 40 градустан түшпөй жатканда, жыныстык органда инфекциялык илдет пайда болгондо же пневмония өпкөнүн көпчүлүк бөлүгүн жабыркатканда гана сунуштайт", — деди дарыгер.

Сөзүнүн аягында Мясников - олуттуу себеби жок учурда антибиотик ичип алса, организм кийин аны тоготпой калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости