www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан чыккан оору дагы 3 адамдын өмүрүн алды

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-октябрагы, маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду, үчөө тең вакцина албагандар.

Жалпысынан, өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын расмий саны 2658 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 112 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (43 адам) жана Чүй облусунда (42 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 741 адамга жетти.

Азыр ооруканада 680 бейтап жатат, дагы 687 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости