www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Жүрөктүн үшүн алат... Этна вулканы жарылды

Сицилияда Этна вулканы кайрадан ойгонду. Интернет айдыңына тараган видеодон анын эбегейсиз кара түтүнү 10 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, алыстан карагандардын үшүн алгыдай болуп жатканын көрүүгө болот.

Вулкандын видеосу YouTube каналынаа жарыяланды. Кээ бир жерде анын түтүнү асманды каптаса, бир топ жерде магманын асманды көздөй атылып жатканы да кадрга түшүп калган. Аны бекер жеринен Европадагы эң активдүү жанар тоо деп аташпайт. Жылына болжол менен 150 ирет ойгонот. Соңку жолу ал күлүн асманга сентябрь айында эле чачып, алай-дүлөй түшкөн эле.

Вулканологдордун айтымында, анткен менен ал Канар аралдарындагы Пальма сыяктуу коркунучтуу эмес. Адистер ага дыкат көз салып турушат, эгерде шектүү жагдай жаралса, эскертүү берип, тоо боорунан туристтерди тез түшүрүп кетүү - маанилүү нерселердин бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости