www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл кышкысын 23 миллиондой ооган тамак-аш тартыштыгынан жапа чегиши мүмкүн. БУУнун Азык-түлүк программасы менен Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунын 25-октябрдагы биргелешкен билдирүүсүндө ансыз да туруксуз өлкө дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризистин кырында турганын эскертти. “Биз жардам бербесек, миллиондогон ооган миграция кетүү же ачкадан өлүүнүн ортосунда тандоого аргасыз болот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Анда белгиленгендей, кышкы каатчылыкка бир чети кургакчылыктын кесепети, куралдуу жаңжал, коронавирус пандемиясы, “Талибан” кыймылы бийликти басып алгандан берки экономикалык олку-солку абал алып келиши ыктымал.

Ооганстан ансыз да 20 жылдан бери тынчыбай келаткан уруштан жабыркап келатат. Талибдер бийликти алгандан кийин мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын көбү гуманитардык жардам берүүнү токтотуп коюшкан. 12-октябрда Евробиримдик гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн бир миллиард еврого тете каражат бөлөөрүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости