www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда октябрдын башынан бери орус рублинин курсу бир аз өсүп, АКШ доллары, тескерисинче, арзандап жатат. Тажик Улуттук банкынын 25-октябрдагы маалыматына ылайык, миң рублдин курсу 154 сомониден 160 сомониге чейин өссө, АКШ долларынын баасы 11,31 сомониден 11,26 сомониге төмөндөгөн.

Душанбенин Танзила Чакалова аттуу тургуну бир нече ай мурда эле миң орус рублинин курсу 135-145 сомони болуп турганын билдирди. "Бүгүн Орусиядагы уулум жөнөткөн рублди жакшы курс менен алмаштырдым. Мен билгенден акыркы 1-2 жылдан бери рубль мынчалык жогору болгон эмес", - дейт ал.

Бирок рубль кунунун жогорулашы бардык эле тургундарды сүйүндүргөн жок. Алардын көбү азык-түлүк жана күйүүчү май кыйла кымбаттап кеткендиктен, курстун жогорулашы турмушка анчалык деле таасир этпегенин билдиришүүдө.

"Неберем Орусиядан ай сайын 10 миң сомониден салып турат. Бүгүн 60 сомониге көбүрөөк алдым. Бирок азыр базарда баалар өтө жогору болуп жатат, өзгөчө ундун баасы! Мындай шартта рублдин курсунун көтөрүлгөнүнөн эч кандай пайда болгон жок", - деди Душанбенин Мухтор Алимов аттуу тургуну.

Тажикстандын Улуттук банкы өлкөдө рублдин сомониге карата курсунун жогорулаганы боюнча комментарий бере элек. Талдоолчулардын айтымында, рублдин кымбатташы акыркы күндөрү дүйнөлүк базарда мунайдын баасы кескин жогорулап жатканына байланыштуу.

Бирок "Азия-Плюс" басылмасынын баяндамачысы Фозилжон Фатхуллоев рублдин курсунун жогорулашы убактылуу көрүнүш болуп, декабрда кайра түшүшү мүмкүн деп божомолдоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости