www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев жеңишке жетти. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, президент жалпы добуштардын 80,1% алды.

Расмий маалыматка ылайык, "Элдик демократиялык партиядан " Максуда Варисова добуштардын 6,6%, "Улуттук кайра жаралуу партиясынын" лидери Алишер Кодиров 5,5%, "Экологиялык партиядан" Назрулло Обломурадов 4,1%, "Адилет" партиясынан Бахрам Абдухалимов 3,4% алды. БШК билдиргендей, добуш берүүгө 20 миллиондон ашуун шайлоочунун 80,8% катышты.

Өзбек оппозициясы шайлоодо чыныгы атаандаштыкка мүмкүнчүлүк берилбегенин, "жасалма шайлоо" болгонун белгилейт.Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары дагы - шайлоо тынч өткөнү менен, "чыныгы атаандаштык болбогонун" билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости