www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык соту экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди камакта калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Данияр Эркимбаев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген. Анын айтымында, сот бүгүн ушундай чечим кабыл алды. Буга чейин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди 2021-жылдын 26-мартына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.
УКМК 26-январда мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди мыйзамсыз баюу жана коррупцияга байланыштуу кармаган. Ал премьер-министр болуп турганда мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол койгон. Тагыраагы, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүнгөн. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу. Абылгазиев мындан тышкары, мамлекеттик кызматта жүргөндө мыйзамсыз түрдө өзүнүн мүлкүн расмий кирешесинен бир нече эсе ашырган. Аны мыйзамдаштыруу максатында Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алган. Ошондой эле көп батирлүү элиталык үйлөрдү курууга инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул мүлктөр башкалардын атына катталган.
Коррупциянын изин табуу жаңы башталды
УКМК тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинде көзөмөлдөнгөн компанияларга радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия берүүдө Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдарын бузуу менен дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекетик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси жеке бир компаниялардын биринин өкүлү менен жең учунан сүйлөшүп алышып, Бишкек жана Ош шаарларында зымсыз туташуу станцияларын иштетүү үчүн аларга 20 МГц өткөрмө жөндөмдүүлүгү бар радиожыштык спектрин колдонууга лицензия берген. Ал эми аукционго коюлган радиожыштык спектринин баштапкы баасы 61,5 миллион сомду түзүп, мамлекеттин кирешесине кириши мүмкүн болгон. (Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстардын (аукциондордун жана конкурстардын) негизинде гана берилет.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу чаралары көрүлүүдө. Мындан тышкары, УКМК радиожыштык спектрлерин пайдаланууга, аларды кийин аукциондо сатуу үчүн негизсиз берилген лицензияларды түзүү жана мамлекетке кайтаруу боюнча жигердүү иш алып барылууда, жана бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Азыркы учурда, тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында жалпы баасы 143,7 миллион сомду түзгөн радиожыштыктарды мамлекетке кайтарып берди.
Премьер-министр кезинде Мухаммедкалый Абылгазиев Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп туруп айлыгы жыйырма эсе азайган Эркин Асрандиевди кантип вице-премьерликке көндүргөнүн айткан. Анткени, Жогорку Кеңештин депутаттары ал кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден вице-премьерликке талапкерлиги сунушталып жаткан Эркин Асрандиевди кантип ынандырганына кызыккан. Бул суроого жооп берип жатып Абылгазиев акча маанилүү ролду ойнобой турганын билдирип кеткен. Учурунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Верный капитал» жана «СкайМобайл» компанияларынын өкүлдөрү менен жолуккандыгы тууралуу cоциалдык тармактарда маалымат тараган. Буга байланыштуу өкмөт атайын маалымат таратып, жогоруда аталган компаниялар менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жолугушканын билдирген. Демек, канткен күндө да өкмөт өкүлү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев 2020 - жылдын 15-майында «Верный капитал» компаниялар тобунун башкы директору жана өнөктөшү Ерлан Оспанов жана «СкайМобайл» ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан менен «СкайМобайл» компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча жолугушуусу өткөн.
Жолугушуу учурунда негизинен «СкайМобайл» компаниясынын радио жыштыктарды сатып алуу темасы да козголгон. Ошондой эле салык жана радио жыштыктар маселелери талкууланган. Анын ичинде салык кызматынын жана компаниянын ортосунда талаштуу болгон роуминге жана резидент эместердин кирешесине КНС кошуу маселеси бар эле. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев радио жыштыктар мамлекеттин активи болуп саналары жана мамлекет жыштык ээси катары пайда көрүүчү болушу керектиги тууралуу позициясын билдирген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Аскер прокуратурасынын ведомстволор аралык тергөө тобу ишти иликтеп жатат. Аскер прокуратурасы ушул эле кылмыш иши боюнча Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчисин (Ч.Б.) «Коррупция» беренесине шектүү катары кармады. Ачык маалыматтарга караганда байланыш агенттигин 2016-жылы Чынгыз Бекташов башкарып турган.
Эске сала кетсек, бир нече саат мурун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы, Аскер прокуратурасы тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ч.Б. Жазык кодексинин 319-бер. 1-б. (коррупция) каралган кылмышка шектелип кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган жетекчи мамлекеттик жогорку кызмат орундарды ээлеген аткаминерлер жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, өзүнө жана башкаларга мыйзамсыз материалдык пайда табуу максатында, ыйгарым укуктарын мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, 2016-жылдын декабрь айында байланыш операторуна телекоммуникация жана мааалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны берип жиберген.
Ошол эле учурда, ушундай эле радиожыштык спектри 298 млн. 803 миң сомду түзүп сатылгандыгына карабастан жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген. Учурда аталган ишке тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери улантылууда, деп кабарлаган эле.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg