www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы У.Э.А. карата баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-февралында Биринчи май райондук соту «Кыргызалтындын» төрагасы У.Е.А. пара талап кылуу боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин карап, УКМКнын тергөө камак жайына эки айлык мөөнөткө 2021-жылдын 12-апрелине чейин камоо туралуу баш коргоо чарасы тандалды.

Тергөө иштеринде «Кыргызалтын» ААК башкармасынын төрагасы У.Е.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ай сайын алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүнүн эмгек акысынын 75% пайызын ага өткөрүп берүүнү талап кылганы аныкталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, У.Э.А. жана «Кыргызалтын» ААКнын башка кызмат адамдары тарабынан пара талап кылуу сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости