www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги автотыгынды азайтуу үчүн асма көпүрөлөр курулат

Бишкектеги жол тыгындарды азайтуу үчүн асма көпүрөлөр салынат. Мындан башка арга жок. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жолдор боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Темир Мамашов жергиликтүү ЖМКларга билдирди.

Анын айтымына караганда, асма көпүрөлөр Бах менен Лев Толстой, Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилиши жана башка аймактарга курулат.

«Борбор калаанын көчөлөрү 50 миң унаага ылайыкталган. Учурда унаалардын саны 500 миңге жетти. Жол тыгынды жоюш үчүн биз көчөлөрдү 10 эсеге кеңейте албайбыз. Ошондуктан ири кесилиштерге асма көпүрөлөрдү куруу керек», — деди Мамашов.

Ал ошондой эле Жайыл баатыр көчөсүнүн чет жагына чейин алты тилкелүү жол куруларын, Чортеков жана Алыкулов менен кесилишкен жерлерине ремонт жасаларын билдирди. Мындан сырткары, Сухэ Батор көчөсү кеңейтилип, жаңы жол куруларын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости