www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Он жаштагы Даниил эки күндөн бери дайынсыз

Сокулук РИИБи дайынсыз жоголгон 2011-жылы туулган Семёнов Данил Сергеевичти издеп жатат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, ал 2021-жылдын 19-декабрында саат 15:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 150 см, арык чырай, чачы сары, бетинде сепкилдери бар.

Кийген кийимдери: кара спорттук шым, кара күрмө, кара жилет, бутунда кара бут кийим.

Даниил чоң энеси менен бирге жашайт жана буга чейин да үйдөн бир нече жолу качып кеткен.

Милиция Даниил тууралуу маалыматы бар жарандардан төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт:

- Чүй ОИИБдин нөөмөт бөлүмү: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85;

- Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0709 35-35-29 (издөө тобу).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости