www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан эч качан коңшуларынын ички ишине кийлигишкен эмес. Бул тууралуу өлкө президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 21-декабрда парламентке жасаган кайрылуусунда билдирди.

"Биз болгону Ооганстанда курамына өлкөдө жашаган түрдүү этникалык топтор кирген инклюзивдүү өкмөттүн түзүлүшүн гана каалайбыз", — деди президент.

Рахмон ошондой эле Тажикстан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин кошумчалады. Анын айтымында, өлкө бул багытта эл аралык уюмдарга өзүнүн логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу боюнча сунуштарын берген.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстан "Талибан" менен дипломатиялык мамилеси жок жана бул кыймылдын саясатын ачык сынга алып жаткан жалгыз өлкө. Кабул талибдердин колуна өткөндөн кийин Тажикстандын расмий бийлик адамдары кыймылды бир канча жолу өлкөдөгү бардык улуттун өкүлдөрү, анын ичинде ооган тажиктери катышкан инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырышкан.

Айрым маалыматтарга караганда, Ахмад Масуд баштаган Улуттук каршылык көрсөтүү кыймылынын бир катар лидерлери бүгүнкү күндө Тажикстанда жүрүшөт. Азырынча тажик тараптан бул маалыматты расмий түрдө эч ким ырастай элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости