www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев:

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жергиликтүү маалымат каражаттарына 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш ишинин кайра жанданышы боюнча комментарий берди.

Саясатчы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракетин айрым адамдарга саясий кысым деп атады. Анын айтымында, ал бир нече күн мурун Башкы прокуратурага суракка чакырылган.

"Өткөн аптада мен Башкы прокуратурада сурак бергем. Баары жакшы өттү. Бул нерсени Атамбаевдин тушунда дагы Жапаровдун тушунда кимдир бирөөлөргө саясий кысым катары баалап келгем", - деген Текебаев.

Ошондой эле Текебаев башкы көзөмөл органынын кызматкерлери сүйлөшүүдө өздөрүн туура, маданияттуу алып жүргөнүн баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости