www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев быйыл августта мекенине кайтарылган 150 ооганстандыктын тагдыры тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, Өзбекстандан Ооганстанга кайтарылган бир да качкын мекенинде өлтүрүлүп же түрмөгө камалган жок. Талибдердин лидерлери алардын коопсуздугун кепилдеп, өз сөзүнө турушкан.
Иргашев Ташкентте өткөн брифинг маалында өзбек өкмөтүнүн учурда Өзбекстанда жашап жаткан ооган жарандарын мажбурлап мекенине жөнөтүү планы жок экенин да билдирди.
"Мүмкүнчүлүгү бар ооганстандыктар Өзбекстанда калып, алардын визасына байланышкан маселелер чечилет. Ошол эле маалда виза мөөнөтү аяктап калгандар өлкөдөн күч менен чыгарылбайт. Кеткиси келгендерге башка өлкөлөрдөн виза алууга эл аралык уюмдар көмөктөшөт", — деди Иргашев.
Ал Термез шаарында көптөгөн ооган качкындары жашап жактаны тууралуу маалыматтарды да чекте какты. "Термезде качкындар үчүн эч кандай лагерь түзүлгөн эмес жана ал жерде азыр качкындар жок. Термезде 14-15-август күндөрү Амударыя аркылуу чек арадан өтүп келген 150гө жакын ооган качкыны бар болчу. Силерге белгилүү болгондой, АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн жардамы менен айрым ооганстандыктар качкын макамы менен башка өлкөлөргө кетишкен", — деди президенттин өкүлү.
15-августта Кабул шаары талибдердин көзөмөлүнө өтөрдүн алдында ооган аскерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнөн турган 585 адам учак жана тик учактар менен Өзбекстанга учуп өтүп, Термездеги эл аралык аэропортко конушкан.
Алардын айрымдары 12-сентябрда Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетишкен. Кийинчерээк Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Юсуф Кабулжанов сентябрдын ортосунда өлкө аймагындагы бардык ооган аскер кызматкерлери башка өлкөлөргө эвакуацияланганын билдирген.
Ноябрдын аягында Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму талибдер бийликти басып алгандан бери Ооганстандын төрт аймагында эле күч түзүмдөрүнүн 100дөн ашуун мурдагы кызматкери өлтүрүлүп же дайынсыз жоголгонун билдирген.
Булак: NazarNews.kg