www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10 жылга эркинен ажыратылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын иши соттук коллегияда кайра каралат. Мындайча айтканда, сот соттолуучулардын жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырды. Эмки соттук кароо 26-сентябрда өтөт. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу ушул жылдын 24-апрелинде Алматынын атайын райондор аралык сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Аны менен бирге сот залында дагы 11 адамга өкүм угузулган. Аларды трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ түзүү жолу менен товарларды аткезчилик жолу менен чегарага киргизүү жана чыгаруу деген айыптар коюлган. Бул топ Казакстандын күч органдары тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалган 35 адамдын үчөөсү Кыргызстандын жарандары болуп чыккан.
Булак: NazarNews.kg