www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы эркек саясатчылар Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын июнь айында кабыл алынган Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүүдө эрежелерди аныктаган мыйзамдар топтомуна каршы чыгышууда. Тагыраагы, алар андагы “жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун” деген өзгөрүүгө макул эмес.
Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын, Алдашев айылдык кеңешине талапкерлерлер “Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы бийлик бутактарына кайрылуу жасашкан.
Анда 70ке чукул талапкердин колу коюлган кат президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Катта “жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун” деген өзгөрүүгө макул эмес экендиктерин билдиришкен.
“Бир шайлоо округунан үчтөн аял добушка ээ болбосо дагы тоскоолдуксуз депутат болушу, биздин жарандык, жигиттик укугубузду эске албаганы, ошондой эле аялдын жана эркектин ортосунда жаңжал чыгышына алып келүүдө. Шайлоо учурунда элдин ишеними артылып 250 добуш алган эркек киши өтпөстөн, беш добуш алган аял киши депутаттыкка өтүп кеткен учур, элдин мамлекетке жана мыйзамдарына ишеним кете баштарын эскертип кетебиз”, - деп жазылган кайрылууда. Кол койгондордун дээрлик бардыгы эркек талапкерлер.
Булак: NazarNews.kg