www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нижний Новгород шаарынан уурдалып, Грозныйга жөнөтүлгөн эки чечен ЛГБТ өкүлүн коргоо жөнүндөгү петицияга 100 миңден ашуун киши кол койду. Бул жагдайга “Кавказ.Реалии” редакциясы назар салды.

Петицияга дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн кишилер кол койгон. Алар АКШ бийлигин камактагы 20 жаштагы Салех Магамедов менен 18 жаштагы Исмаил Исаевди бошотуу үчүн дипломатиялык мүмкүндүгүн колдонууга чакырышты.

Ага-ини Магамадов менен Исаевдин бири – гей, экинчиси– трансгендер. Алар Нижний Новгороддон Чеченстанга 2020-жылы февралда уурдалып, кыйноо, кордоо аркылуу кечирим суроого мажбурланганы кабарланган.

Чечен бийлиги аги-инини мыйзамсыз куралдуу топ түзүүгө катышууга айыптоодо. Алар адвокаты жок кезде айыптоолорду мойнуна алышкан.

"Мемориал" укук коргоо борбору аларды саясий туткун деп тааныган. Ага-ини абакта дайыма кыйноого, ур-токмокко кабылып жатканы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости