www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборунун башчысы профессор Сабырбек Жумабековдун Орусиядагы бир нече шакирттери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Алардын айтымында, Травматология жана Ортопедия борборун кайра тез жардам ооруканасы кылып түзүү өлкөдө травматология жана ортопедиянын талкаланышына алып келет.

"Урматтуу президент Садыр Жапаров, Бишкек шаарындагы Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборун кайра түзүү өлкөдө травматология жана ортопедиянын талкаланышына алып келет. Анын ордуна бул тармакты өнүктүрүүгө жол издеп, салым кошуу керек.

Эгер тез жардам ооруканасы зарыл болуп жатса жаңы ооруканаларды салыш керек. Биздин устатыбыз профессор Сабырбек Жумабеков өзүңүзгө маалым болгондой көптөгөн жарандардын сакайып кетишине себепчи болгон. Ошондуктан борборду өнүктүрүү жолун гана издөөнү сунуштайбыз", - деди Жумабековдун шакирттери.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Жетекчиси Сабырбек Жумабеков да иштен алынганын айткан. Жаңы ооруканага директор кылып Гулия Кожакматованы жана башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөновду дайындаган.

Маалымат жыйындан кийин министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жаңы жетекчи менен тааныштыруу үчүн ооруканага барган. Бирок кызматкерлери эшикти тосуп алышкан. Сабырбек Жумабеков министр өзү билемдик кылып жатканын айтып, ал президент Садыр Жапаров бул жагдайды териштирбесе жаңы жетекчини киргизбей турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости