www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Элден акча чогултпай эле бюджеттеги каражаттан президентке учак сатып алышыбыз керек», - деди бүгүн, 8-февралда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

- Марлен Абдырахманович, коомчулукта президенттин Пекинге жалдап учуп кеткен учагы боюнча түрдүү кептер айтылууда. Бири президентке менчик учак жалдатпай самолёт сатып бериш керек десе, экинчиси президент мамлектетин жүзү ошон үчүн каалоочулар каражат чогултуп болсо да учак алып бериш керек деп жатышат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Ал жеке учак Садыр Жапаров үчүн керек эмес да, ал Кыргыз мамлекетинин Президенти үчүн керек. Тагыраагы, талапка жооп берген жакшы учак мамлекеттин жүзү. Жапаров ушундай учак менен келди дебейт, Кыргызстандын Президенти ушундай учак менен келди деп кеп кылат эгер кылышса. Бул биринчиси.

Экинчиси, биздеги самолётту Европага киргизбейт. Анткени, ал самолёт азыркы замандын коопсуздук талабына жооп бербейт. Ошондой эле Кытайга мынчасында учат деген «регулярный» рейс да жок. Ошон үчүн президентти менчик учак менен кетти деп сындаганабыз туура эмес. Менчик учак жалдап барбаганда эмне эшек минип барсынбы?

Президенттин жакшы самолёт менен барганы мамлекеттин намысы. Ошон үчүн бул маселени элден акча чогултпай эле, ансыз деле элдин акчасы болгон бюджеттеги каражаттан президентке учак сатып алыш керек.

Самолёт жалдаткан акча деле топтолуп отуруп, аягында учак сатып ала турган акчаны түзүп калат. Ошон үчүн самолёт жалдаганча, жаңысын алып, айрым учурларда биз ижарага берип, самолёт алган каражатты актап алсак болот. Санавияца деп көп учурларда ижарага берип же зарыл болгон учурларда колдонсок болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости