www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик масштабда, улуттун стратегиялык кызыкчылыктарын камтыган «Кумтөр» маселесине өттүм. Мурдагы бийликтегилер «Кумтөргө» текшерүү киргизмек түгүл, чычкан жөргөлөп өтчү эмес эле. Бул жолу «Кумтөрдү» калкалап олтурган бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, ийне-жибине чейин текшерүүгө кирип кеттик. Он депутаттан турган комиссия түзүлүп, төрагалыгына мени шайлашты. Кырктан ашуун ар кыл эксперттерди жумушчу топко тарттык. Аларга төлөнүп берүүчү акча каражаты 15 миллион сомдун тегереги болду. Анткени, «Кумтөрдүн» 23 жылдан берки былыгын текшерип чыгуу боюнча план түзүлгөн эле. Жогорку Кеңеш “Кыргызалтын» төлөп берсин” деп өкмөттү милдеттендирген токтом кабыл алды. Өкмөт болсо, төлөп бермек түгүл, «Кумтөрдү» колдоп туруп алды. Бир тыйын акча бөлбөй коюшту. Мен түшүнүп эле турдум. “Эгер акча бербей койсок, эч нерсе текшере албайт жана жыйынтык болбойт” деп ойлошту. Ишкерлерден демөөрчүлүк каражат издей баштадым. Биринчи болуп, Э.С аттуу мекенчил жигитибиз (белгилүү себептен улам атын толук атаган жокмун. Убагы келгенде ачыкка чыгарабыз), 30 миң доллар берди. Э.Б. аттуу мекенчил жигитибиз 10 чакты эксперттердин эмгек акысын мойнуна алды.

Аскар Салымбековко бардым. – Байке, нарындык, токтогулдук туугандарыбыз цианид ичип олтурушат. Экология дегенден эч нерсе калбай калган экен. Бомба түшкөндөй болуп жатат. Мындан сырткары, байлыгыбыздын баарын сыртка ташып кетип жатышат, сактап калалы. Башка шансыбыз болбойт, – дедим. Сөөмөйүн оозуна такап, акырын сүйлөп, – Бул жерде мени угушат. Мен сага жардам берем. Эки-үч күндө кабарлаш, – деп офисинен иттен чыгарды. Кийин качып туруп алды. Телефон чалсам, албады. «Аттиң ай, көр оокаттын кулу турбайсызбы» деп тим болдум. Албетте, Салымбеков милдеттүү эмес. Бирок, катардагы эле бизнесмендер тигинче жардам берип жатышса, Кыргызстандын эң алдынкы бай адамы деле жардам берип койсо болмок деген таарынычым калды. Анткени, мен жеке кызыкчылыгым үчүн жардам сураган жок элем да.

Калган акчаны ар кимден чогултуп, жетпегенин өз чөнтөгүмдөн кошуп, иштин жылышы үчүн эксперттердин 50 пайыз эмгек акысын төлөп бердим. Калган 50 пайыз эмгек акысы бүгүнкү күнгө чейин төлөнбөй калды. Алар мени туура түшүнүү менен кабыл алышты. Анткени, өкмөт бир тыйын бербей, бут тосуп жатышканын өз көздөрү менен көрүп, жон териси менен сезип турушту. Айрым эксперттерди Ак үйдөн телефон чалып, “Баары жакшы экен деп корутунду жазып бересиң” деп коркутуп да жатышты.

Текшерүү бүтөрүнө бир айча убакыт калганда чет элдиктер Акылбек Дүйшөнбиевди (өкмөттүн «Кумтөрдөгү» өкүлү. Өзү Барскоондүн кулуну болот. Экөөбүз тууганбыз) жиберишти. – Саке, сүйлөшөлү. Катуу текшерип жатасыңар. Эзели буларга текшерүүчүлөр тараптан мындай катуу талаптар болгон эмес экен. Мени өкмөт менен канадалыктар жиберишти, – деди.

– Акылбек, ушул жерде сен экөөбүздүн ата-бабаларыбыздын сөөгү жатат. Карачы, буларды? Тебелеп-тепсеп, үстүнө уу төгүп, анысы аз келгенсип Нарын суусуна цианид агызып жатышыптыр. Кантип көз жумду кылып коёбуз? Дитим барбайт. Ата-бабаларыбыздын арбактары кечирбейт, баарын ачыкка чыгарабыз, – дедим. Туура түшүнүп, – Саке, болду, мен эми мындан ары сүйлөшүүгө жиберишсе да келбейм,- деп кетти. Бир аптадан кийин казак досум келди. Өзү «Кумтөргө» Казакстандан керектелүүчү материалдарды камсыз кылат. – Саке, 100 миллион доллар беребиз деп жатышат. Кыргыздарыңа ишенбей жатсаң, мен алып берейин. Эч ким билбейт. Баарын өзүм организовать этем. Оффшорный зонадан счет ачасың. Баарын ошол жерге түшүрүп берем. Каалаган жагыңа котортуп кетесиң, – деди. Чынымды айтайын, пенде эмеспизби. Көз алдымда эки нерсе элестеп турду. Биринчиси, сунушталган сумма. Экинчиси, Нарын суусунун жээгинде жашаган элдин цианид ичип олтурушканы жана 2005-жылы Түп- Кеген жолун жаап, мени депутат кылабыз деп кыштын кыраан чилдесинде төрт сутка бою үшүп-тоңуп, кардын үстүндө уктап жатышкан түптүк жердештеримдин, энелердин элеси келди.

Албетте, экинчисин тандадым. Анткени, эл-журт менден бир тыйын акча албастан, депутат кылып шайлап беришкен. Мен дагы бир тыйын пара албастан иштеп беришим керек деген максат койгон элем.

Колумда болгон видеоматериалдардын баарын казак доско көрсөтүп, – Баурым, мына көрдүңбү? Кыргыз элине эле эмес, казак элине да цианид ичирип жатышат. Эки элдин убалынан коркпойлубу? – дедим. – Чын эле ушундай болуп жатабы?- деп төбө чачы тик турду. Ал да түшүнүп, – Андай болсо, мени кечир. Кийлигишпейм, – деп кетип калды.

УКМК нын кызматкерлери Б.А.Т.К (белгилүү себептерден улам аттарынын баш тамгаларын гана жаздым, убагы келгенде, булар да ачыкка чыгышат) үчөөбүз олтуруп, кеңешип да көрдүк. “Балким, макул, алалы деп туруп кармайлыбы? Кантип? Эгер кармай турган болсок, Шамиль Атахановко сөзсүз билдиришибиз керек, ансыз болбойт. Биздин башыбыз кетет” дешти. Анда ал түз эле барып Атамбаевке билдирет. Өздөрү башында олтурушса, аларды кармаганга жол беришпейт да деген чечимге келдик. Анткени, «Кыргызалтын» ишканасын Осмонбек Артыкбаев жетектеп турган мезгилинде Атамбаев премьер-министр болуп турган. Экөө ар кандай жолдор менен 2011-жылдын 21-май күнү 30 миллион сомду чыгарып кетишкен. 2011-жылы 1-декабрь күнү Президенттин ант берүү күнү болгон. «Кумтөрдүн» чет мамлекетте олтурган эң үлкөн башчысы Стивен Ленг эртең менен учуп келип, резиденцияга барып, катуу куттуктап, кайра кечинде учуп кеткен. Мындан сырткары, дагы бир топ фактылар бар эле. Анан кантип аларды кармаганга булар жол бермек эле?

Анын үстүнө накталай акча болбогондон кийин, банктык счеттон кармаш кыйынга турат экен. Ошондуктан парламентке салып, «Кумтөрдү» толугу менен мамлекетке алып коёлу деген чечимге келдик.

Доцент Мехмет Улуташтын котормосунда Садыр Жапаровдун "ДЕСЯТЬ ЛЕТ В ПОЛИТИКЕ" китеби түрк тилинде которулуп чыкты. Кыргыз тилинде да эл таанысын деп кыргызча да котормосун берип жатабыз.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости