www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада 400дөй мигрантка «мыйзамсыз митингге жана мушташтарга катышты» деген айып менен Орусияга 40 жылга кирүүгө тыюу салынды.Бул тууралуу Орусия ИИМинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын өкүлү Татьяна Дмитриева кабарлады.
«Москвада мындай иштерге катышкан 400дөй кишиге карата административдик чара көрүлдү. Алардын Орусияда жүрүүсүнө каршы чечим чыгып, депортацияланышты. Орусиянын эшиги алар үчүн 40 жылга жабылды», — деди ал.
Анын айтымында, Москвада ушул тапта 1 млн 33 миң мигрант бар, алардын 82% иштейт. Мигранттардын 31 пайызы Өзбекстандан, 26 пайызы Тажикстандан жана 25,4 пайызы Кыргызстандан келгендер.
Быйыл август айында Москва мэри Сергей Собянин Орусиядан 200 мигрант депортацияланганын, 800үнө ар түрдүү берене боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg