www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Кочкор районунда калкты тейлөө борбору ачылып, алгачкы кызматын 104 жаштагы кемпирге көрсөттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, улгайган жарандын 1994-жылкы паспортун алмаштыруу үчүн калкты тейлөө борборунун мобилдик тобу анын жашаган үйүнө барып, документтерин кабыл алган.  

"Алгачкы кардарлардын бири Шамшия Шалпыкова 1916-жылы туулуп, өмүр бою Кочкор районунда жашаган. Анын жаш курагы эске алынып, бардык кызматтар акысыз көрсөтүлдү", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, калкты тейлөө борбору 1-топтогу майып, 29 жаштагы Жолдубай Төлөмүш уулунун паспортун алмаштырууга да көмөктөшкөнү айтылды. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости