www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш Казакстанда сегиз жылкыны поезд сүзүп кетти. Кырсык 11-ноябрда кечке жуук Бурлин районунда катталган.
Маалыматка караганда, жүк ташуучу поезддин айдоочусу темир жолдо оттоп жүргөн жаныбарларды байкап, тез арада тормоз тебүүгө аракет кылган. Бирок поездди убагында токтотуу мүмкүн болгон жок. Мындан улам сегиз жылкыны сүздү. Бул тууралуу «Мой Город» басылмасы билдирет.
«Үстүбүздөгү жылдын башынан бери темир жол тилкесинде ири мүйүздүү малдын болушуна байланыштуу поезддин авариялык тормоздоосу боюнча жалпы 1628 факт катталды. Жалпы жонунан темир жолдо малды жайып жүргөндүгү үчүн 1124 мыйзам бузуучу административдик жоопкерчиликке тартылган”,-деди транспорт боюнча административдик полиция бөлүмүнүн башчысы Жасулан Байкенов.
Булак: NazarNews.kg